• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте үйлөрдүн биринен эки аялдын жансыз денеси табылды

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкекте үйлөрдүн биринен эки аялдын жансыз денеси табылды.

Свердлов райондук ИИбдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 12-майда болжол менен саат 11:25тер чамасында “102” кызматына Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн эки аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу, андан тышкары ИИБдин жетекчилиги, Бишкек шаардык ИИББ жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматы барышып, барак тибиндеги жеке турак үйдөн зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар азият түспөлдүү 2 аялдын жансыз денесин табышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгондордун өздүгү аныкталган. Алар 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. болушкан.

Азыркы учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат, толук маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий