• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги ири көз айнекти сындырып кетишти

Коом 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Бишкектин Жаштар аллеясына бир жыл мурда орнотулган “Көз айнек. Көз караш” арт-инсталляциясын белгисиз бирөөлөр сындырып кетишти. Бул тууралуу инсталляциянын авторлорунун бири Сергей Келлер өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Бир нече жылдан бери Филармониянын аймагындагы Табышалиев көчөсүндө кооз, чоң көз айнек турган болчу. Ал балдарга кубаныч тартуулап, көз айнектин жанында сүрөткө түшкөн шаар тургундарынынын көз караштарын топтоп турган арт-инсталляция эле. Бирок, бүгүн көз айнекти жырткычтык менен талкалап кетишти”,-деп жазат ал.

Ошондой эле Келлер ошол аймакка орнотулган видео көзөмөлдөрдү текшерип, милиция кызматкерлерин кылмышка тиешеси барларды жазалоого чакырат.

Эске сала кетсек, “Көз айнек. Көз караш” инсталляциясы “DOXA art-group” сүрөтчүлөр тобу тарабынан иштелип чыгып, орнотулган болчу. Анда адам укуктарын урматтоого чакырган визуалдык тексттер жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий