• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги күйүүчү май сактаган кампадагы өрт бала бакчаны каптаган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бишкектин Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт өрт бала бакчаны каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Тимирязев көчөсүндө шифер менен жабылган жалпы аянты 1018 чарчы метр турак үйдүн жана курулуш чарбанын чатырлары күйгөн. Желим жана темир идишке куюлган күйүүчү майлар (мотор майы, антифриз, тосол, коробкамайлар, бош желим идиштер, 10 тонна, 20 тонна, 5 тонна, 200 литр, 20 литр) күйгөн.

Тимирязев көчөсүндө ошондой эле жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 120 чарчы метр болгон жеке бала бакчанын чатыры күйгөн.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий