• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги күндүзгү стационарларда 31 миңден ашуун жаран дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.20./Кабар/. Бишкектеги күндүзгү стационарларда 31 миңден ашуун жаран дарыланууда, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, Бишкекте биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн 12 күндүзгү жана эки түнкү стационар ачылган. Алар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Таңкы саат 8:00дөн 20:00гө чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил формасы менен ооруган бейтаптарга ийне сайылып, кеңештер берилүүдө, ал эми саат 21:00дөн 9:00гө чейин эки түнкү стационар иштеп жатат.

«15-июлга карата мэриянын күндүзгү стационарларына 31 миң 486 шаар тургуну кайрылган, анын ичинен 23 миң 439на ийне сайылган. 7 миң 851 - кеңеш берилсе, 187 адам ооруканага жаткырылган. Ал эми 9 адам каза болуп калган»,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле түндө өз ишин баштаган түнкү стационарларга 282 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Стационарлардын бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Экинчиси болсо Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында.

«Эгерде түн ичинде өзүңүздүн же жакын адамыңыздын саламаттыгы начарласа, анда көп күтпөстөн тезинен 103 кызматына чалыңыз. Медициналык тез жардам тобу бошобой жаткан болсо, мүмкүнчүлүккө жараша түнкү стационарларга келиңиз, медиктер алгачкы жардамды көрсөтөт», - деп мэрия шаар тургундарына кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий