• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бишкектин 4-кичирайонундагы №14 үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көп кабатуу үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 13:13дө келип түшкөн. Өрт толугу менен саат 14:13дө өчүрүлгөн.

"Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий