• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалына Айтматовдун сүрөтү тартылат

Маданият 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров фейсбуктагы баракчасында жазган.

Сүрөттү тартуу иштери башталып, жакын арада аяктайт.

"Улуу инсаныбыздын жаркын элесине арнап борборубуздун кичи районунун биринде (Жал 23) сүрөтүн тарттыруудамын", - деп жазган ал.

Ал жерде сүрөт менен бирге жазуучунун "Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү" деген сөзү жазылат.

Белгилей кетсек, жазуучунун сүрөтү тартыла турган көп кабаттуу үй Түштүк Магистралы менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий