• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрт өчүрүлдү - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №4 кичирайонундагы №47 көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү бүгүн болжол менен саат 11:26да түшкөн. Кырсык болгон жерге 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, тилсиз жоо толугу менен саат 12:10до өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.


Пикир

Оставить комментарий