• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги көр сатуу фактылары боюнча козголгон иш сотко өттү

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Бишкек шаарындагы көр сатуу фактылары боюнча козголгон иш тергелип, Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Финансы полициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн "БАРУ" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары 2014-2015 жылдары маркумдардын жакындарынан акча талап кылып, көрүстөндүн аймагында (жол, ирригациялык түйүн, инженердик коммуникациялар жайгашкан тилкелерден) сөөк коюуга жер бөлүп берип жүргөнү аныкталган. Ал акча мекеменин касасына түшкөн эмес жана тийиштүү документтер берилген эмес.

Учурунда бул фактыны текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн болчу. Ал мындай факты болгонун, 200 жакын сөөк "БАРУ" муниципалдык ишканасы аркылуу катталбай өткөнү, кызмат үчүн акча мекеменин кассасына 1 млн сомго жакын түшпөгөнү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн көр казуучулар бригадасынын башчысы аталды.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту ага карата "өлкөдөн чыкпоо" бөгөт чарасын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий