• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектеги Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова коло утту

Спорт 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкектеги Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште алтын, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль утту.

Спорттук иш-чара Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналып уюштурулган.

Айпери Медет кызы турнирде 76 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач украиналык балбанды 10:6 эсебинде жеңген. Экинчи беттеште кытайлык балбанды 6:3 эсебинде артта калтырган.

Алтын медаль үчүн беттеште кытайлык балбанды 5:3 эсебинде жеңип, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Мээрим Жуманазарова турниоде 68 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач казакстандык балбанды 1:1 эсебинде утуп, экинчи беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилип калган.

Коло байге үчүн беттеште канадалык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий