• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги кафеде ок чыгарган милиция кызматкеринин жетекчилиги бейбаштык фактысын жашырууга аракет жасаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кылмыш иши 234-беренеде (Бейбаштык), 304-беренеде (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеде (Кызматтык ыйгарым укуктарын аша чабуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон.

Текшерүү аныктагандай, 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери Н.Н. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен ашкан аракеттерди жасаган. Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Империя пиццы” кафесинин жанында мылтыктан ок чыгарган.

Анын натыйжасында ок Бишкек шаарынын Октябрь районунун кароол бөлүмүнүн милиция кызматкери А.Э.нин оң бутуна тийген.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда А.Э. учурда травматология бөлүмүндө туруктуу дарыланууда.

Аталган факт боюнча 2018-жылдын 11-сентябрында окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Алар кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып,жогоруда белгиленген кылмышты жашырышып, күнөөлүүлөргө карата тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес.

Кылмыш иши иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий