• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бишкектеги Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:17де түшкөн.

"Тилсиз жоо тартылган күчтөрдүн жардамында саат 10:38де чектөөгө алынып, саат 12:00дө толук өчүрүлдү. Куткаруучулар өрттү жанаша жайгашкан обьектилерге жайылып кетүүсүнө жол беришкен жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий