• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги кайсы ишкердик субъекттерде санитардык талаптардын сакталып жаткандыгы текшерилди. Тизме

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаары боюнча санитардык нормаларды сактабаган 692 объектке жалпы суммасы 1 млн 558 миң 500 сомго айыппул салынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, төмөндөгү субъекттер боюнча текшерү иш-чаралар өткөрүлдү: "Ош" базары, "Баткен Комфорт", "Уста", "Комфорт KG", "Элит Строй", "Азия Mall", "Дордой-Дыйкан", "Дордой Моторс" базарлары, "Вефа", "Азиз" СБ, "Мигросс" супермаркети, "Газпром Нефть Азия" ЖЧК, "Фрунзе" гипермаркети, "Бета Сторес" СЭБ, "Гоин" СБ, "Бишкек Парк" СЭБ, "Чынар" СЭБ, "Берекет" СҮ, "Соода үйү", "Кудайберген" базары, "Огни Баку", "Кореан Хаус", "Империя пиццы", "Тюбетейка", "Live Bar", "Восточка", "Улуу Тоо", "Асгард", "Тайм-аут", "Жираф", "Ожак кебаб", "Бухара Ассорти" кафелери, "Бигсер спорт", "Роскерамика", "Комфорт" дүкөндөрү жана № 24 мектеп-гимназиясы.

"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында "Centre Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барлары, "Ыр Кесе" кафеси, "BootCamp" оюн клубунун иши токтотулду. Ал эми "Азиз", "Сары-Өзөн", "Кудайберген" базарларынын жетекчилерине, "Бета Сторес", "Бишкек Парк", "Караван" соода борборлорунун өкүлдөрүнө Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 5-июнундагы №6 буйругу менен тааныштыруу жүргүзүлдү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий