• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда Коомдук алдын алуу бөлмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда Коомдук алдын алуу бөлмөсү ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбордун ачылышына Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Аталган, Коомдук алдын алуу бөлмөсү, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын каржылык жардамы менен ачылып, атайын жабдыктар, компьютер менен камсыздалды.

Бул, Коомдук алдын алуу бөлмөсүнүн максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө.

Бөлмөдө аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети, аймактык тескөөчүлөр биргеликте коомчулук менен иш алып барат. Жарандар укук бузуулар тууралуу кат же оозеки түрүндө кайрыла алышат.

“Эл менен тыгыз иш алып баруунуну натыйжасында гана бардык кыйынчылыктардан, азыркы учурдагы оорчулуктан коронавирус илдетин жеңип чыга алабыз” – деп белгиледи Улан Рысбеков.

Азыркы учурда, республиканын бардык аймагында 532 Коомдук алдын алуу борборлору иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий