• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкектеги кампадагы өрт: Мамэкотехинспекция кампада күйүүчү май сатыларын билген эмес

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-май күнү Бишкек шаарынын Түштүк магистраль жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампада өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ал кампада күйүүчү май сакталган. Бул маалыматты кампага коңшу турган тургундар да ырастайт.

"Кабар" агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ал кампада күйүүчү май сатылганы тууралуу маалыматы жок. Алар бул маселе боюнча Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылууну сунуштады.

"Ал жердин жеңил конструкциядагы объект тургузууга мамлекеттик актысы болгон", - деп билдиришти инспекциядан.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызмат ал объекттин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенине комментарий берүүгө компетенциясы жок экенин айтышты.

"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызмат күйүүчү майларды мыйзамсыз саткан түйүндөр боюнча рейд жүргүзүп турат. Ал жерге өзүбүз эле барбайбыз. Жумушчу топ түзүлүп, ага Мамэкотехинспекция, Салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кирет", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Пикир

Оставить комментарий