• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан бүгүн өрт чыккан. Тилсиз жоо саат 11:24тө чектөөгө алынган, ал эми саат 14:38де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 700 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркаган жана каза болгон жарандар жок.

Пикир

Оставить комментарий