• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги кара түтүндүн дээрлик 90%ын унаалар бөлүп чыгарат

Коом 0

Бишкек, 19.11.18 /Кабар/. Азыркы учурда унаалар айлана чөйрөнү булгоочу эң алдыңкы булактардын бири. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыл сайын Бишкек шаарында абадагы зыяндуу кара түтүндүн көлөмү 240 тонна түзөт, анын ичинен 180 миң тоннасы унааларга таандык.

Мамагенттиктен кабарлашкандай, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу агенттиктин иш-планына борбордун абасынын абалын оңдоого багытталган иш-чараларды киргизген. Аны менен бирге шаардагы кичи-автобустарды газ менен жүргөн көп орундуу автобус жана троллейбустарга алмаштыруу маселеси каралууда.

Кыргызгидрометрдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын шаарларынын абасындагы зыян нерселердин деңгээли мурунку айга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн эмес. Өзгөчө аба булганган кырдаал байкалган эмес.

Пикир

Оставить комментарий