• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги карылар үйүнө азык-түлүк тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 23.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун ыктыячылары Бишкек шаардык жатак үйүндө жашаган чоң ата, чоң апаларга жолугуп келишти. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар жана кызматкерлер жатак үйүнө бат бузулбай турган азык-түлүктөрдү, гречка (6,7 кг), кум шекер (3,4 кг), макарон (15 кг) өсүмдүк майы, чай, күрүч (4 кг), таттууларды жана нан алып барышты.

“Кары-картаңдар үчүн бул “Ардагер” пансионатын эске албаганда, Бишкек шаарындагы жалгыз жатак үйү. Аталган жайда 198 адам жашап, алар жалгыз бой калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген карылар. Албетте, биз көрсөткөн жардам көп эмес, бирок аз да болсо жардам болот деген үмүттөбүз. Азык-түлүк чогултууда кайдыгер карабаган шаар тургундары көмөк көрсөтүштү”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий