• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги катуу шамал бактарды кулатып, унааларды жабыркатты

Кырсык 0


Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бишкекте кечээ кечинде катуу шамал катталып, бактарды кулатып, унааларды жабыркатты.

Ошондой эле шаардын борборунда жарнамалык такта үйгө кулаган. Шамал ошондой эле имаратттардын чатырларын учурган.

Учурда муниципалдык кызматтар табигый кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды эсептеп жатат.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен шамал боло тургандыгын эскертип, жарандарды этият болууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий