• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги кече: 5-кабаттан кулаган кыздын абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Бишкектин борборунда 5-кабаттан кулап түшкөн кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун дарыгери Бакыт Исаков билдирди.

Анын айтымында, кыз денесинен бир нече жаракат алып, омурткасы сынган.

“Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Жакындары табылды”, - деди Исаков.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кыз кулап түшкөн батир суткага ижарага берилген.

“Алдын ала алынган маалымат боюнча ал батирде кече өткөн. Кыз мас абалында болгон”, - дешти ШИИББден.

Эске сала кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 18-июлда саат 09:20да Токтогул көчөсү, 250 дарегине барышып, 1-кабаттын тосмосуна кулап түшкөн кызды түшүрүшүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий