• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги конуштарда 33 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бишкектеги конуштарда 33 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.

Ал белгилегендей мэрия Кыргызстан менен Кытайдын өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкек шаарында "Көчө-жол тармактарын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда.

"Көчө-жол тармактарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында 95 чакырымга созулган 49 жол тилкесинде жолдорду реконструкциялоонун биринчи фазасы аяктап жатат. Учурда 94 чакырымда иш аткарылды. Алар ушул жылдын жайында толук аяктайт. Бишкек шаарында узундугу 40 чакырымга жеткен 23 жол тилкесинде жол бетин калыбына келтирүү долбоору аягына чыгарылды. "Көчө-жол тармактарын жакшыртуу" долбоорунун экинчи фазасын баштоо үчүн ишти аткара турган компанияны тандоого сынак жарыялоо процедуралары башталды . Анын алкагында Бишкекте узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчөнү реконструкция жана реабилитациялоо каралган. Анын ичинен Бишкектин конуштарында 26 көчөдө 33 чакырым жол жасалат", -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий