• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги коомдук транспортто автоматтык үн кабарлоо системасы иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар Бишкектеги коомдук транспортто 12-июлдан тарта автоматтык үн кабарлоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аялдамалар тууралуу билдирүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде айтылат. Үн аркылуу билдирүү транспорттун ичинде орнотулган үндү бийик чыгаруучу каражаттын жардамы менен ишке ашат.

Система автоматтык режимде, бирок айдоочунун катышуусу менен иштейт. Аялдама пункттары жана маршрут тууралуу маалымат мобилдик түйүн аркылуу ар бир телефонго автоматтык түрдө келип турат.

Учурда №42 маршруттун автобустары ушундай система менен жабдууланган. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен шаардагы бардык автобустар жана троллейбустар аталган функцияга ээ болушат. Долбоорду ишке ашырууга Inobi компаниясы техникалык жактан колдоо көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий