• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги коомдук унааларда 26 жолу уурулук кылган адам кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Бишкекте коомдук унааларда 26 жолу уурулук кылган деп шектелген жаран кармалган. Соттук чечими менен ал СИЗО-1 эки айга камалды.

Маалыматка ылайык, милицияга уурулук фактысы боюнча арыз түшкөн. Жабырлануучу өз арызында көрсөткөндөй, 14-мартта маршруткалардын биринен белгисиз адам акчасы менен капчыгын уурдап кеткендигин билдирген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ошондой эле арыз менен дагы 27 жаран кайрылгандыгы маалым болгон. Алар да өз буюмдарын маршруткадан жоготушкандыгын жазышкан.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы З.у.Э кармалган.

Аталган факты боюнча “Уурулук” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий