• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги коомдук унааларды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу мэрия коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөттү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосу менен Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынынын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялоону улантууда.

Күн сайын бир каттам аяктаган учурда автобустар менен троллейбустар ар тараптуу тазаланып, дезинфекцияланат: кармагычтар, отургуч туткалары, руль жана кире бериш эшиктер 1% хлорамин эритмеси менен тазаланат.

"Бардык коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат жана улантылат. Белгилей кетсек, айдоочулар күн сайын кылдат медициналык текшерүүдөн өтүп турушат, дене табы жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери байкалгандар, каттамга чыгарылбайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий