• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги курулуп жаткан мектептер бүтүү алдында турат — видео

Коом 0


Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Бишкектеги курулуп жаткан мектептер бүтүү алдында турат.

Мэрия №10, №20, №75 жана “Алтын-Ордо” конушундагы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштыруу үчүн журналисттерге пресс-тур уюштурду.

№75 орто мектептин курулушу бүгүнкү күндө 85 пайызга аяктады. Белгилей кетсек, №75 мектеп 1960-жылы курулуп, имарат авариялык абалда деп табылган. Мындан улам аталган окуу жайдын имараты толугу менен бузулуп, анын ордуна жаңысы салынып жатат.

Учурда мектептин ички жумуштары жүрүүдө: суу түтүктөрүн, электр энергия, жылуулук системасын киргизүү, дубал, пол жана шыбын бүткөрүүдө.

Үч кабаттан турган жаңы мектеп 5 миң 607 чарчы метрден туруп, 550 окуучуга ылайыкталган. Анда жыйын, спорт зал, китепкана, ашкана, окуу класстарынан сырткары музыкалык бөлмө өзүнчө блокто жайгашкан.

Мектептин курулушу менен “Эталон ВинСпецСтрой” ЖЧКсы алектенүүдө.

№10 мектептин эки блогун оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, 1-сентябрга окуучулар үчүн өз эшигин ачат. Жеринде жашылдандыруу, окуу жайдын аймагын тосуу, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, балдар үчүн воркаут аянтчасы ачылган.

Эки кабаттуу мектеп 1938-жылы окуучуларды кабыл ала баштаган. 1967-жылы №2 жана №3 блогу курулган. Ал эми 2018-жылы №1 блогунда оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Курулуш иштерин “Аргын Курулуш” ЖЧКсы жүргүзгөн.

№20 мектептин окуу корпусунун курулушу 75 пайызга бүттү. Курулушчулар тарабынан мектептин тегерегин көрктөндүрүү, суу киргизүү, имараттын сырткы бөлүгү жасалгалоо жана терезе салынууда.

Үч кабаттуу жаңы корпус 500 окуучуга ылайыкталган. Анын жалпы аянтты 5 миң 35 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштерин “Авангард Стиль” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

“Алтын Ордо” конушундагы мектептин курулушу бүтүү алдында турат. Дааратканалардын кафелин орнотуу, коридордун шыбындагы жумуштар аткарылууда, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Мектепти 1-сентябрда ачуу пландалууда.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы окуу жылына карата 15 мектеп жана бир бала бакча курулуп, оңдолмок. Курулушка республикалык бюджеттен эки млрд сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий