• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектеги Кыргыз-Азербайжан достук сейил багында этнографиялык фестиваль өттү — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Кыргыз-Азербайжан достук сейил багында “Эже-сиңди, беш көкүл” долбоорунун алкагында салттуу маданий этнографиялык фестиваль өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору Алпаслан Жейлан, "Аталар изи" коомдук фондунун төрайымы Асел Калканова, Кыргызстандагы бир катар өлкөлөрдүн элчилери, чет элдик коноктор жана шаар тугундары катышты.

Иш-чарада Сүйүнбек Касмамбетов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары 1- июнь Балдарды коргоо күнү менен шаар тургундарын куттуктап, аталган фестивалдын өтүп жатышы абдан маанилүү экенин белгилешти.

1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Аталар изи" коомдук фонду биргеликте өткөрдү.

Фестивалдын жүрүшүндө "Аталар изи" коомдук фондусунун мүчөлөрү улуттук кийимдердин көргөзмөсүн өткөрүп, кол өнөрчүлүк, кыздын чачын беш көкүл кылып өрмөй, жаа атмай, боз үй тигип чечмей ж.б. кыргыздын улуттук баалуулуктарын көргөзүшсө, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери күү чертип, жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда көрүүчүлөргө ыр арнап, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашты.

Белгилей кетсек, фестивалдын негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, эл ичинде улуттук кийим кийүү маданиятын даңазалоо, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, жаш чеберлерди улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүртүрүүгө кызыктыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий