• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги кырсыктан каза болгон төрт адамдын өздүгү такталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин Ч. Айтматов проспектисинде жеңил автоунаа менен автобус кагышкан жол кырсыгында каза болгон адамдардын өздүгү такталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 9-сентябрь күнү саат 14:30 чамасында Ч. Айтматов проспектисинин №135 дарегинде (Киргизия-1 жаңы конушунун тушунда) №8 маршрутундагы жүргүнчүлөрдү ташыган автобус менен “Шкода Октавия” жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктан 4 эркек адам каза болгон. Алардын баардыгы 17 жашта болгон - Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жарандар.

30 жаштагы 1 эркек адам, 3 аял киши (59 жаштагы Б.Г., 20 жаштагы А.кызы Н., 21 жаштагы Т.Б.) жана 3 жаш кыз (15 жаштагы эки кыз Ж.Н., Э.А., жана 9 жаштагы М.Н.) жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий