• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аялдын өмүрүн алган кырсык. Рулду башкарган милиционер мас болгон

Кырсык 0


Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Бишкекте күн мурун адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталып, анда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экендиги тастыкталган. Кырсыктын натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкери көз жумган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-январь күнү болжол менен саат 00:40 чамаларында Анкара жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Бенц” жана “Тойота Авенсис” унаалары кагылышкан.

Кырсык болгон жерге Бишкек шаардык милиция жана Бишкек шаарынын автоинспекция кызматынын ыкчам-тергөө тобу барган. Жеринде аялдын жансыз денеси табылган. Маркум 1985-жылы туулган А.М. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал эми “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган Э.М. аттуу Октябрь районунун инспектору болгон. Ал алган жаракаттан улам оор абалда ооруканага жеткирилген.

Экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына ылайык, “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу Э.М. аттуу жаран мас абалында унааны башкарып келе жаткан.

Аталган факт Бирдиктүү кылмыштар реестринде катталган. Сотко чейинки териштирүү иштери башталып, баардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Кабар” маалымат агенттигине кырсыктын натыйжасында каза болгон жаран ведомствонун кызматкери экендигин тастыкташты.


Видеодо Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов

Пикир

Оставить комментарий