• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги өлүм менен коштолгон жол кырсыгы: Унааны 27 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарында унаа коюп кеткен бала каза болгон. Рулда 27 жаштагы айдоочу болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, 24-февралда болжол менен саат 23:30дар чамасында 27 жаштагы Н.Д., аттуу жаран “Фольстваген Гольф 5” үлгүсүндөгү унаасын А.Токомбаев көчөсүндө батышты көздөй башкарып бара жатып, №3Б үйүнүн бет маңдайында жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы коюп кеткен.

Кырсыктан 21 жаштагы К.Р., аттуу жаран Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Бирок алган оор жаракаттан улам ооруканада көз жумган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, бардык материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына жиберилген. Териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий