• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Үмөталиев көчөсүндө оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Бишкектеги Үмөталиев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде асфальт төшөлүп, жаңы жол белгилери орнотулган.

“Жолду оңдоо иштерин келе жаткан жылда бүткөрү пландалган болчу. Бирок, калаа тургундарынын көптөгөн кайрылуусунан улам оңдоо иштери эрте аяктады. Жолду оңдоп-түзөө иштери үч ай бою жүргүзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий