• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги «Манас» аэропортунун аймагында ПЦР-тест үчүн лаборатория ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» Эл аралык аэропортунун аймагында жайгашкан «BS Group» корпорациясынын (Корея Республикасы) «AMSBIOLAB» жаңы ПЧР-лабораториясынын ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, лаборатория жакын арада өз ишин баштамакчы.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкка жана мамилелерге чоң маани берет.

«Кыргыз-Түштүк Корея мамилелеринин өнүгүшү биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү багыттардан болуп саналат. Башка мамлекеттер сыяктуу эле, Кыргызстан да Түштүк Кореянын COVID-19 каршы күрөшүүдөгү ийгиликтерин, карантиндик чараларын жана калкты коронавируска тестирлөө менен камтуусун жогору баалайт. Пандемияга каршы күрөшүү алкагында түштүк кореялык компания тарабынан ПЧР-тестирлөө үчүн лабораториянын ачылышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. Заманбап технологияларга жараша, келип-кетүүчү көп сандаган жарандар үчүн ПЧР-тестти ыкчам өтүү жана анын жыйынтыгын 1-1,5 саатта алуу үчүн кеңири мүмкүндүктөр түзүлүүдө», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова белгилегендей, ПЧР-тестирлөө борборунун ачылышы менен заманбап технологияларды тартуу аркылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына инвестициялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

«Сиздердин компанияңыздардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү медицина тармагында гана эмес, экономиканын башка маанилүү тармактарында дагы кеңейишине ишенем. Ыңгайлуу ишкердик чөйрөнү түзүү, ошондой эле чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат. Биз мындан ары дагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», - деди Жылдыз Бакашова.

Ачылыш аземде «BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин билдиргендей, бүгүн кубанычтуу окуя орун алууда. Ал ошондой эле жемиштүү кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ишеним билдирди.

«Бул заманбап лаборатория жогорку сапаттагы жана ыкчам ПЧР-тестирлөөнү камсыздап, өлкөгө келген жарандарга, туристтерге жана ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт. Биз Кыргыз Республикасы менен кызматташууга кубанычтабыз», - деди ал.

Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Тэ Ёк оз сөзүндө билдиргендей, Корея Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн инвестиция тармагында ишенимдүү өнөктөш болот. Ал «BS Group» корпорациясынын ишин баса белгилеп, Кыргыз Республикасы менен инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий