• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги маршруткаларда бир айда 505 чөнтөк уурулук катталган – Жумагазиев

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Бишкектин коомдук унааларында бир айдын ичинде 505 чөнтөк уурулук катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) жетекчиси Канат Жумагазиев шаардагы маршруттук таксилердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтуусунда, калкка келтирилген зыян 7 млн. 320 миң сомду түздү.

“Чөнтөкчүлөргө туш болгондордун ичинен 172си эркек кишилер, 310 аялдар жана 23 бойго жете электер болгон. Эгер бир айдын ичинде эле ушунча чөнтөк уурулук катталса, бир жылдын ичинде канча болоорун элестетсеңер? ИИББнын ичинде атайын чөнтөк уурдоолор менен күрөшө турган бөлүм ачылды. Эми бул бөлүмдү чоңойтобуз”, - деди Жумагазиев.

Ал кабарлагандай, учурда жеке маршруттук таксилердин ичинде атайын видео каттоочу жабдыктарды орнотуу маселеси талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий