• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги маршруткалардын айрымдары жумушка чыгышты

Коом 0


Бишкек, 03.04.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Бүгүн Бишкекте айрым маршруттук каттамдар линияга чыгышты.

Күбөлөрдүн айтуусунда, №199, №152, №243, №230, №210, №103, №175, №215, №185, №226, №100, №224, №252, №145 номердеги кичи автобустар иштеп жатат.

Айрым айдоочулардын маалыматы боюнча, кесиптештери аларды ишке чыкпагыла деп коркутушкан.

“Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаар боюнча мобилдик батальон иштеп жатат. Андан тышкары, жогоруда айтылган жагдайларга көзөмөл сала турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ бул маселе боюнча жыйын өткөрүп, мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде УКМК жана ИИМге унаа ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, кечээ камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыптын киргизилишине байланыштуу Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары иш ташташкан. Ошондой эле мунайзат продукциясын ташуучулар дагы камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптын киргизилишинен улам нааразычылык билдирип чыгышты. Аталган “акция” канча күн уланаары белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий