• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкектеги массалык ишембиликке 7 миңден ашуун адам катышты

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Дем алыш күндөрү калаадагы райондордо массалык ишембилик болуп өттү. Ага 7 миң 318 адам катышты, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ишембиликке муниципалдык аймактык башкармалыктын, райондук кызматтардын, уюмдардын жана чарбалык коомдордун кызматкерлери, ЖОЖдун студенттери катышкан.

Биринчи май, Свердлов, Ленин жана Октябрь райондорунун баардыгында жыйноо иштери өтүп, ар бир район өзүнө таандык аймакты тазалаган. Чогултулган таштандылар ташылып, сугат жерлер тазаланып, мыйзамсыз жарнактар алынып, чөп, куурайлар чабылып, жыйналган.

Пикир

Оставить комментарий