• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги массалык мушташка катышкан жигиттердин өздүгү такталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бишкектеги "Чыгыш – 5" кичирайонунда болгон массалык мушташка катышкан жигиттердин өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрда "Чыгыш – 5" кичирайонундагы "Роял" караоке-клубунун жанында болгон массалык мушташка катыштыгы бар жигиттердин өздүгү бир сутка ичинде аныкталган. Алар:

  1. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Р.Н., аттуу тургуну;
  2. Жалал-Абад облусунун 2000-жылкы Н.Р., аттуу тургуну;
  3. Бишкек шаарынын 2001-жылкы А.Б., аттуу тургуну;
  4. Бишкек шаарынын 2001-жылкы Б.Б., аттуу тургуну;
  5. Нарын облусунун 1998-жылкы Ж.Б., аттуу тургуну;
  6. Нарын облусунун 1997-жылкы У.К., аттуу тургуну;
  7. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Э.Н., тургуну;
  8. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Т.А., аттуу тургуну;

Учурда Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда 102 кызматына саат 02:57де Бишкектин "Чыгыш – 5" кичирайонунун "Роял" караоке-клубунун жанында массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган кайгуул милициясы көп кабаттуу үйдүн алдында 23 жаштагы К.И., аттуу жигитти табышкан. Милиция кызматы тез жардамды чакырып, жигитти Улуттук госпиталга жиберишкен.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбашчылык") боюнча каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий