• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Матросов көчөсүнүн аймагында эртең таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бишкектеги Матросов көчөсүнүн аймагында эртең, 21-ноябрь күнү таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Саат 9:00дөн 19:00гө чейин Матросов көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки аралыгында таза суу берүү убактылуу токтотулат”, - деп айтылат маалыматта.

Өчүрүү иштери кышка карата түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды таза суу камдап алууларын өтүнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий