• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте мектеп окуучуларына Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасма көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоонун алкагында Свердлов районунун окучулары үчүн «Октябрь» кинотеатрында «Куткелди фильмдер» киностудиясынын режиссеру Медин Учкуевдин «Баатыр баяны» Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына арналган көркөм даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасмада Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эрдиктери баяндалат.

Тайгараев 1944-жылы өзүнүн чалгындоо отряды менен бирге баатырдык көрсөткөн. Латвиянын Лузда шаарына жакын жерде алар душмандардын координаттарын билип, артиллериялык полкко маалымат берип, ошону менен душмандын аскерлерин басып алууга жардам беришкен. Бирок алар чалгындоо тобу менен бирге буктурмага туш болуп, Тайгараев акыркы гранатасын ачып, душмандар менен кошо курман болгон.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында көптөгөн жоокерлер мекенине кайтпай калган. Алардын ичинен Кыргызстандан 75 баатыр Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болсо, алардын бири Тукубай Тайгараев.

Тасманы көрсөтүү КР президентинин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашыруу боюнча жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий