• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги мектептердин жетекчиликтери арасында ротация жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкектеги мектептердин жетекчиликтери арасында ротация жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык билим берүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында мэрия мектеп билим берүү мекемелеринин жетекчилери арасында ротация жүргүзүүнү пландап жатат.

Бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте мектептердин администрацияларынын потенциалын рационалдуу пайдалануу, карьералык мотивацияны жогорулатуу, кызыкчылыктар кагылышын болтурбоо, мектептердеги коррупция тобокелин төмөндөтүү максатында жүргүзүлөт.

“Аталган чаралар ата-энелердин коомчулугунун айрым мектеп директорлорунун дарегине болгон даттанууларына жана эскертүүлөрүнө байланыштуу көрүлүп жатканын белгилеп кетүү керек”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда борбордун билим берүү системасында 97 мектеп, 156 окуучу бар. Мектептеги билим берүү системасында 7 миң 300 мугалим иштейт.

Пикир

Оставить комментарий