• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги мектептерге 100% видеобайкоо орнотулат

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Бишкектеги мектептерге 100% видеобайкоо орнотулат. Мындай чечим административдик райондордун башчыларынын, структуралык бөлүмдөрдүн жана мэриянын чарбалык субъекттеринин жетекчилеринин кеңешмесинде кабыл алынды деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматынан.

Кеңешмеде Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова башкалаадагы жаш балдардын тартип бузуулары жана аны алдын алуу боюнча маалымат берди. Мектеп окуучуларынын тартип бузууларын алдын алуу үчүн Бишкектин 91 мектебине видеобайкоо орнотулган, видеокамера мектептин ичине гана эмес, сыртына да орнотулган. Учурда дагы 3 мектепке видеобайкоо орнотулууда. Окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жакын арада башкалаанын бардык мектептери 100% видеобайкоо менен камсыз болмокчу.

Ошондой эле, кеңешмеде балдардын окуудан тышкаркы убактылары тууралуу да айтылды. Быйыл мектептерде 2 миңге жакын кружоктор жана секциялар уюштурулган. Аларга 60 миң 496 бала катышууда.

Пикир

Оставить комментарий