• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясын талкалап кеткен бейбаш кармалды

Коом 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия көчөсүнүн кесилишинде орун алган "Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясын талкалап кеткен бейбашты кармашкан.

Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүн түнкү саат 02:00дөр чамасында "Мен Бишкекти сүйөм" инсталляциясынын талкалангандыгы боюнча факты катталган.

Милиция кызматкерлери изи суук электе инсталляцияны талкалаган 1991-жылкы М.у.Т., аттуу 27 жаштагы баланы кармашкан. Ал келтирилген чыгымты төлөп берет.

Учурда “Бишкек жарыктандыруу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери чыгымды эсептеп, жазууну калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий