• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги митинг. 122 адам ооруканага жаткырылды, төртөөнүн абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Саат 24:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Бишкектеги митингдин жүрүшүндө жарадар болгон 122 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жалпысынан 65 адам түшкөн, анын ичинен 40ы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Жабыркагандардын экөө реанимацияга жаткырылган, дарыгерлер алардын абалын оор деп баалап жатат.

Улуттук госпиталга 40 адам түшкөн, анын ичинен экөөнө жабык түрдө баш мээси чайкалган деген диагноз коюлуп, реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

№1 шаардык клиникалык ооруканага эки жабыркаган адам келип түшкөн.

Чүй облустук ооруканасына 7 адам түшүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Улуттук хирургия борборуна жети адам түшкөн, бирөө амбулатордун дарыланууга. Каза болгондор жок.

Пикир

Оставить комментарий