• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги митинг: 3 жаран жана 19 милиция кызматкери жаракат алган – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кечээ Бишкекте болуп өткөн митингдин катышуучуларын таратуу учурунда 3 жаран жана 19 милиция кызматкери жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Алардын ичинен 21 кишиге биринчи жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Алардын абалы канааттандырарлык", - деп билдиришти министрликтен.

Ал эми бир милиция кызматкери баш мээси чайкалып, моюнунан жаракат алып, Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий