• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги митинг. Абал көзөмөлдө – милиция

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз жүргөн Кытайдын жарандарына каршы митинг өтүүдө.

Учурда 100дөн ашык адам чогулган.

“Азырынча митингге чогулгандар эч кандай талаптарды койгон жок. Митинг көзөмөлгө алынган”, - деп билдирди “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев.

Митингге келгендер кыргыз жарандыгын этникалык кыргыздардан башкасына берүүгө мораторий салууну талап кылышууда. Андан тышкары алар, бийлик өкүлдөрү келүүсүн талап кылышууда.

Митингдин расмий уюштуруучусу Аманбол Бабакулов митингди гимн менен ачкан.

Уюштуруучулар камакка алынган деген сөздөр тастыкталган жок.

Пикир

Оставить комментарий