• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги митинг. Кечээ ооруканаларга 7 киши кайрылган, алардын экөө Улуттук госпиталга жаткырылган

Ден соолук 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Кечээ, 9-октябрь күнү саламаттык сактоо мекемелерине медициналык жардам алуу үчүн 7 киши кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылган жарандардын экөө Улуттук госпиталга жаткырылган. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Учурда саламаттык сактоо мекемелеринде 202 жабырлануучу дарыланууда. Бир киши реанимацияда жатат", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий