• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги митинг: Саламаттык сактоо мекемелерине 911 жабырлануучу кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда саат 12:30га карата Саламаттык сактоо мекемелерине борбор калаадагы митингден жабыркаган 911 жаран кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабыркагандардын ичинен 705и алгачкы медициналык жардам берилгенден кийин коё берилген. Ошондой эле ар кандай жаракат алган 205 жаран ооруканага жаткырылган, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө болууда.

Жараат алган 19 жаштагы жигит каза болду.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 452 жаран жеткирилген. Алардын 82си ооруканага жаткырылса, бирөө жандандыруу бөлүмүндө.

Улуттук госпиталга 269 жабырлануучу кайрылган. Алардын ичинен 85и ооруканага жаткырылып, төртөө реанимацияга киргизилген жана бир жаран каза болгон.

Ал эми №1 шаардык клиникалык ооруканасына 58 жаран кайрылып, 10 жаран дарылануусун ооруканада улантууда.

Чүй облустук ооруканасына 112 жаран келип, 12си дарыланууда. Улуттук хирургиялык борборго 20 жабырлануучу түшкөн. Алардын 16сы ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий