• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги митинг: Саламаттык сактоо мекемелерине жалпы 768 бейтап түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Бишкектеги өткөн митингден жабыркап, Саламаттык сактоо мекемелерине жалпы 768 бейтап түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 768 бейтаптын ичинен стационардык дарыланууга 218 адам жаткырылды. Реанимация бөлүмүндө 7 бейтап киргизилип, бир адам каза болду. Ошондой эле 550 адам амбулатордук дарыланууга жиберилди.

"Азыркы учурда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, адистердин кеңештери уюштурулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздандырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий