• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги митингчилерди таратуу. 16 адамдын ооруканага жеткирилгендиги кабарланды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Ыкчам маалыматка ылайык, Бишкектеги стационарларга митингдин жүрүшүндө жарадар болгон 16 адам жеткирилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматка ылайык, саат 22:00гө карата Тез медициналык жардам көрсөтүү линиясы аркылуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна ар кандай жараат алган 4 адам келип түшкөн.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга Тез жардам кызматы аркылуу 10 адамды алып келишкен.

№1 шаардык клиникалык ооруканага болсо 2 адам түшкөн.

"Жаракаттын мүнөзү учурда такталууда, маалымат кийин берилет", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий