• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги митингде каза болгон жаш жигиттин сөөгү жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бишкектеги митингдин жүрүшүндө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин сөөгү жерге берилди. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маркумдун сөөгү бүгүн, 8-октябрда кичи мекени Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилди.

Белгилей кетсек, Үмүтбек 5-октябрда Бишкек шаарында КР Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан эл арасында болуп, орун алган башаламандык учурунда жараат алып, 19 жаш курагында каза болгон.

“Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун жана жалпы Баткен элинин атынан Үмүтбектин үй-бүлөсүнө, жакындарына, терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Келечектен көптү үмүттөндүргөн билимдүү, таланттуу, жаркын келечекке умтулган, ынтызар жигитибизден айрылуу биз үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Кош бол Үмүтбек!

Кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөп артыңда элиң калды. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Жаркын элесиң, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий