• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги митингде соцтармакта бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганга шектүү делип үч жаран кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Бишкектеги митингде соцтармакта бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганга шектүү делип үч жаран кармалып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча үч факты иликтенип жатат.

1. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан “WhatsApp” мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган митингге чакырган 9 мүнөттүү аудио жазууну тараткан жаран аныкталган.

Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) кылмыш белгилери боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2. 2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан “WhatsApp” мессенджери аркылуу “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФнын Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран “Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан.

2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) кылмыш белгилер боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

3. 2020-жылдын 6-июль күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан “Facebook” социалдык тармагы аркылуу колдонуучу М.А. өз баракчасына “Жаңы вирус каптады” маалыматын жайгаштырып, 5G радиотолкунунун зыяндуулугу жөнүндө көрсөтүп, Кавказ элин мисал катары келтирип, алар жогорудагы антеналарды өрттөп жаткандыгын айтып, өлкөнүн жетекчилигин сындаган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш боюнча соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, аудио жазуу менен комментарийлерди тараткандардын өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

2020-жылдын 11-июль күнү ИИМдин ыкчам кызматкерлерине Ала-Тоо аянтында митингде жүргөн 1987-жылы туулган Т.А., 1987-жылы туулган А.С. менен 1986-жылы туулган К.Т. аттуу жарандардын жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.

Ыкчам алынган маалыматтын негизинде аталган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө ыкчам кызматтарга жогорудагы жарандардын өздүгүн тактап, тергөө органына жеткирүү үчүн тапшырмалар берилген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий