• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 5-апрелден тарта жабылат

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 5-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий