• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрү акысыз

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар майрам жана дем алыш күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейин муниципалдык унаа токтотуучу жайларда унаа токтотуу баасы 25 сомду түзөт.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар төмөнкү даректе жайгашкан:

- Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бейшеналиева көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Ала-Арча дарыясындагы көпүрөгө чейинки бөлүгү;
- Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Безымянная көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянная көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйөркулов көчөсүндө (Ж-Пудовкин көчөсү);
- Юнусалиев көчөсүндө (Сүйөркулов көчөсү);
- Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Исанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Клубный чолок көчөсү (Сары-Озон базары);
-Курманжан-Датка көчөсүнүн Жибек-Жолудан Славянский чолок көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Токтогул көчөсүндө "Мото" соода борборунун жанында;
- Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- "Мадина" базары (жаңы жол);
- Бөкөнбаев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсмүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Белгилей кетсек, операторлор "Бишкек унаа токтотуучу жайлары жана туруктары" ишкасынын логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийип, жанында атайын төш белгилери болушу шарт. Алар төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий